Бишкекте кулатуу эр таймаш боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

21-январда Бишкекте кулатуу эр таймаш боюнча Кыргызстандын ХХХI чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Катышуучулар төмөнкү салмакта күч сынашат:
Эркектер арасында: 52, 57, 61, 66, 71, 77, 84, 90, 93, 100, 110, 120, +120 килограмм салмакта;
Кыздар арасында: 46, 50, 54, 57, 61, 66, 71, 77, +77 килограмм салмакта.
"Мелдеш "Стронг" спорт комплексинде саат 9:00дө башталып, салтанаттуу ачылыш аземи саат 15:00дө болот. Дареги Курманжан Датка көчөсү 304", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан