Бүгүн, 21-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагында Сауд Арабияга каршы ойнойт.
Беттеш Эр-Райян шаарындагы "Ахмед бин Али" стадионунда өтөт. Калыстын ышкырыгы Бишкек убактысы боюнча саат 23:30да жаңырат.
Белгилей кетсек, 16-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Таиланд курамасы менен кез келип, 2:0 эсебинде жеңилип калган.