Бүгүн, 21-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагында Сауд Арабияга каршы ойнойт. Бул беттешти япониялык ФИФА калысы Иида Жумпей жетектейт.
Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери - Михара Жун жана Такаги Такуми жардам беришет. Ма Нинг резервдик арбитр болуп дайындалган.
VAR-системасында да Япониядан келген адистер Кимура Хируеки жана Араки Юсуке иштешет.
Оюн Эр-Райян шаарындагы "Ахмед бин Али" стадионунда өтөт. Бишкек убактысы боюнча беттеш саат 23:30да башталат.