Бүгүн, 21-январда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы Комсомол көчөсүндө турак үйдөн өрт чыгып, жерине 4 куткаруучу саат 07:47де чыккан. Ал эми Ак-Суу районунун №39 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп саат 08:06да тартылганы айтылат.
"Тилсиз жоо саат 10:32де толук өчүрүлдү. Ал эми турак үйдөн чыккан жалын сарайга да өтүп, өрттүн жалпы ээлеген аянты 110 чарчы метрге жеткен. Күйгөн тактайлар куткаруучулар тарабынан чыгарылган. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес", - деп айтылат маалыматта.