Азия чемпиондугунда кыргызстандык жөө күлүк Илья Тяпкин чуркоо марафону боюнча коло медаль, ал эми кыз-келиндер арасында Гүлшаной Сатарова күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Гонконгдо өткөн Азия чемпиондугуна 16 өлкөнүн спортчулары катышкан.
"Гүлшаной Сатарова 2 саат 36 мүнөт 32 секунд жыйынтыгы менен күмүш медаль, ал эми Илья Тяпкин 2 саат 18 мүнөт 18 секунд жыйынтыгы менен коло медалга ээ болушкан", - деп айтылат анда.