Бүгүн, 22-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагында Сауд Арабияга каршы ойноп жатат.
Учурда эсеп 0:1, Сауд Арабия астыда келе жатат.
Беттештин 9-мүнөтүндө коргоочу Айзар Акматов оюн эрежесин бузганы үчүн кызыл айып кагазын алды. Мындан улам Кыргыз курамасы 1 оюнчуга аз ойноого аргасыз болду.
Белгилей кетсек, беттеш Эр-Райян шаарындагы "Ахмед бин Али" стадионунда өтүүдө. Калыстын ышкырыгы кечээ, 21-январь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 23:30да жаңырган.