Азия Кубогу: "Ак шумкарлардын" экинчи футболчусу оюндан четтетилди

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Кими Мерк учурда өтүп жаткан Сауд Арабияга каршы оюнда кызыл айып кагазын алды.

Ал Сауд Арабия курамасынын жарым коргоочумуна каршы оюн эрежесин бузду. Калыс видео кайталоодон көргөндөн кийин кыргыз футболчусуна кызыл айып кагазын көрсөттү.

Муну менен Кыргыз курамасы бир эле оюнда экинчи кызыл айып кагазын алды. Буга чейин ушул эле оюндун 9-мүнөтүндө коргоочу Айзар Акматов кызыл айып кагазын алган.

Учурда эсеп 0:1, Сауд Арабия курамасы алдыда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан