Азия Кубогу: "Ак шумкарлар" Сауд Арабияга жеңилди

Бүгүн, 22-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагында Сауд Арабияга 2:0 эсебинде жеңилип калды.

Беттеште кыргыз курамасы бир эле оюнда эки кызыл айып кагазын алды. Анын биринчи бөлүгүндө коргоочу Айзар Акматовго, экинчи бөлүгүндө команданын жарым коргоочусу Кими Меркке кызыл айып кагазы берилди.

Бул беттешти япониялык ФИФА калысы Иида Жумпей жетектеди.

Оюн Эр-Райян шаарындагы "Ахмед бин Али" стадионунда болуп өттү. Калыстын ышкырыгы кечээ, 21-январь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 23:30да жаңырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан