Кыргызстанга келип эс алып кеткен UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, белгилүү орусиялык мушкер Ислам Махачев эс алуудан кийин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.
Ал билдирүүсүндө Кыргызстандагы меймандостукту жогору баалады.
"Кыргызстан, меймандостук дайымкыдай эле эң жогорку деңгээлде. Жаратылыш жана аба ырайы өзүнчө тарых", - деп жазды ал.
Мушкер Каракол шаарындагы тоо-лыжа базасына келип, эс алып кеткен.
Ислам Махачевдин эсебинде 25 жеңиш жана бир жеңилүү бар. Акыркы кармашта ал австралиялык Александр Волкановскийди техникалык нокаут менен жеңип алган.