Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Нурсултан Кеңешбеков жана Алымкан Жамшитбекова эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш Усть-Каменогорск шаарында (Казакстан) Ольга Рыпакованын байгесине арналып өткөрүлгөн.
"Нурсултан Кенешбеков 1500 аралыкка чуркап 1-орунду ээлесе, кыз-келиндер арасында Алымкан Жамшитбекова 800 метр аралыкка чуркап, 2-орунду багындырды", - деп айтылат маалыматта.