"Жүрөк жылытат". Күйөрмандар "Ак шумкарларды" Сауд Арабияга жеңилгенине карабай колдоого алышты (видео)

22-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагында Сауд Арабияга 0:2 эсебинде жеңилип калды.

Ага карабай "Ак шумкарларды" колдогон күйөрмандар беттеш бүткөнгө чейин аларды сүрөп турушкан. Видеодон шоумен Актан Рыскелдиевдин футболчу Александр Мищенкону алкап жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, беттеште кыргыз курамасы бир эле оюнда эки кызыл айып кагазын алды. Анын биринчи бөлүгүндө коргоочу Айзар Акматовго, экинчи бөлүгүндө команданын жарым коргоочусу Кими Меркке кызыл айып кагазы берилген.

Бул оюнду япониялык ФИФА калысы Иида Жумпей жетектеди. Беттеш Эр-Райян шаарындагы "Ахмед бин Али" стадионунда болуп өттү.

Кыргыз улуттук курама командасы эми 25-январда Оман курамасы менен беттешет.

Күйөрмандар "Ак шумкарларды" Сауд Арабияга жеңилгенине карабай колдоого алышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан