Азия кубогунда фехтование боюнча кыргыз спортчулары 1-орунду ээлешти

Азия кубогунда фехтование боюнча өспүрүмдөр курама командасы 1-орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, фехтование (атайын куралдар менен беттешүү, сайышуу) боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Барсбек Райымбеков, Даниил Лепихов жана Рустам Исламов Дубай шаарында өткөн Азия кубогунда командалык оюндарда 1-орунду ээледи.
Мелдеш 19-21-январь күндөрү өтүп, курама команда машыктыруучу Даанышман Жумабай уулунун жетекчилиги алдында беттешке катышканы айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан