Коңшу Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунун 1/8 финалына чыкты.
Тайпалык баскычтын акыркы турдук оюнунда тажиктер Ливан курамасын 2:1 эсебинде утуп, 3 упай алып, тайпада Катардан кийин экинчи орунга жайгашты.
Тарыхында биринчи ирет Азия Кубогуна катышып жаткан Тажикстан курамасы плей-оффко чыкты.
Буга чейин Катар, Австралия, Ирак, Иран жана Сауд Арабиясы плей-оффко жолдомо алышкан.
Тажикстан курамасынын 1/8 финалдагы атаандашы "С" тайпасындагы - Иран, БАЭ же Палестина командаларынын бирөө болот.