Издөөдө жүргөн Оруссиянын жараны Чүйдөн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Чүй ОИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан издөөгө алынган Алтай крайынын Рубцовск шаарынын тургуну, 1988-жылы туулган Ф.В.В. Ысык-Ата районунун аймагынан кармалган.
Ага карата Оруссиянын Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесине (Оруссиянын кызыл китебине кирген өзгөчө баалуу жапайы жаныбарларды жана суу биологиялык ресурстарды мыйзамсыз казып алуу жана жүгүртүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген шектүүнү экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.