Коңшу Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия Кубогунун тайпалык этабынын үчүнчү оюнунда Австралия менен беттешип, тең чыгууга жетишти.
Кечээ, 23-январда Катарда өткөн жолугушуу 1:1 эсеби менен аяктады.
Плей-оффко Австралия (7 упай) жана Өзбекстан (5) командалары жолдомо алса, Сирия курамасы (4) тайпада үчүнчү, Индия (0 упай) төртүнчү орунду ээледи.
Азия Кубогу 10-февралга чейин уланат.