Сауд Арабиянын "Аль-Наср" футболдук клубу Кытайдагы эки жолдоштук беттешүүнү жокко чыгарган билдирүү таратты.
Сауд Арабиянын клубу бүгүн, 24-январда Кытайдын "Шанхай Шенхуа" жана 28-январда "Чжэцзян" клубдары менен жолдоштук беттеш өткөрмөк. Бирок "Аль-Наср" клубу бул оюндарды кийинкиге жылдырып койгон. Буга себеп клубдагы жылдыз Криштиану Роналдунун жаракат алып калганы болгон.
Роналду Кытайга келген, бирок талаага чыгууга даяр эмес болгон. Оюндар кайсы күнгө жылдырылганы жарыялана элек.
Бул оюндарга билеттер сатылып, атайын турлар уюштурулган.