Эртең, 25-январда өтө турган Азия Кубогунун алкагындагы Кыргызстан менен Оман курама командаларынын беттешин кувейттик калыстар тейлейт.
Оюндун башкы калысы болуп кувейттик ФИФА калысы Ахмад Алали дайындалган.
Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери - Абдулхади Аланези жана Ахмад Абас жардам беришет. Ал эми иорданиялык Адхам Мухаммад резервдик калыс болуп дайындалган.
VAR-системасында Абдулла Жамали (Кувейт) жана Эванс Шоун (Австралия) иштешет.
Кыргызстан - Оман беттеши эртең, 25-январь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.