Бокс боюнча улуттук курама команда Эл аралык мелдешке катышат

Бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү София шаарында (Болгария) өтө турган “Сранджа” Эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 2-12-февраль күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- 48 килограмм Анваржан Хождиев;
- 51 килограмм Бекзат Эргешов;
- 54 килограмм Руслан Эрнест уулу;
- 57 килограмм Ислам Төрөбаев;
- 60 килограмм Баяман Азизбек уулу, Рысбек Бектенов;
- 63.5 килограмм Аскат Култаев;
- 71 килограмм Элдар Турдубаев;
- 75 килограмм Султан Асанкул уулу, Даниель Абдрахманов;
- 86 килограмм Бекбол Мурасбеков.
Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги астында мелдешке катышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан