Бүгүн, 25-январда футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагында Оманга каршы ойноп жатат.
Учурда эсеп саны 0:1. Оман алдыда келе жатат.
Беттеш Доха шаарындагы "Абдулла бин Халиф" стадионунда өтүүдө. Калыстын ышкырыгы Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө жаңырган.
Эске салсак, 16-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Таиланд курамасы менен кез келип, 0:2 эсебинде жеңилип калган.
Ал эми 22-январда Кыргыз курамасы Сауд Арабияга дагы 0:2 эсебинде жеңилген.