Индонезиялык күйөрмандар футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасына массалык түрдө ыраазычылыгын билдиришүүдө.
Кыргыз курамасы бүгүн, 25-январда Азия Кубогунун алкагында Оман менен кез келип, 1:1 эсебинде тең чыкты. Бул жыйынтык Индонезия курамасына тайпасында үчүнчү орун менен плей-офф баскычына чыгууга мүмкүнчүлүк берди.
"Оюн башталгандан баштап туруп алып Кыргызстанга күйөрман болдум";
"Индонезиядан Кыргызстанга ысык салам";
"Рахмат, Кожо";
"Кыргызстан биз силерди сүйөбүз, биз бул оюнду эч качан унутпайбыз";
"Жоэль Кожо жана анын командасына ыраазычылык, силерди дагы ийгиликтер коштосун" деген пикирлерин жазышты индонезиялыктар.