Футболчу Жоел Кожо: "Оюн талаасына кайтып келебиз"

Кечээ, 25-январда "Ак Шумкарлар" менен Омандын курама командасы беттешип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Мындан улам Кыргыз улуттук курама командасы плей-оффко чыгуучу акыркы мүмкүнчүлүгүн жоготуп, Азия Кубогунан четтеп калды.

Беттештен кийин оюндун 80-мүнөтүндө гол жараткан Жоэл Кожо плей-оффко чыгып, күйөрмандардын кыялын орундата алышпай калганын айткан.

Ошондой эле, комментарий берип жатып, "Машыктыруучуга, машыктыруучулук штабга жана бардык күйөрмандарга терең ыраазычылык билдиргим келет. Кыргызстандын улуттук курама командасы үчүн ойноо мен үчүн чоң сыймык жана мен кураманын бир бөлүгү болгонума кубанычтамын. Биз күчтүүрөк болуп оюн талаасына кайтып келебиз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан