Футбол боюнча Оман курама командасынын машыктыруучусу Бранко Иванкович Кыргызстан менен беттештен кийин иштен алынды. Бул тууралуу Омандын Футбол федерациясы кабарлады.
Кечээ, 26-январь күнү Кыргызстан менен Оман курама командалары беттешип, 1:1 эсеби менен тең чыккан. Бул жыйынтык менен эки команда тең плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.
Омандын Футбол федерациясы Иванкович менен келишимди узартууну каалабай турганын билдирип, "Аль-Ахмардын" машыктыруучусу катары өткөргөн мезгили үчүн ыраазычылык билдиргени айтылат.