Көк бөрү боюнча Баткен облусунун башчысынын кубогун Лейлек районунун командасы жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 30-январда Раззаков шаарында өткөн көк бөрү боюнча президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу үчүн мелдеш жыйынтыкталды.
1-орунду Лейлек районунун командасы;
2-орунду Кызыл-Кыя шаарынын командасы;
3-орунду Сүлүктү шаарынын командасы;
4-орунду Баткен шаарынын командасы;
5-орунду Баткен районунун командасы ээледи.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубок, диплом, медалдар тапшырылды. Ал эми Көк-бөрү федерациясы тарабынан акчалай сыйлыктар да берилди.