Дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, спорттук иш-чара 3-4-февраль күндөрү Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өтөт.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Кыздар арасында: 40, 44, 52, 48, 57, 63, 70, +70 килограмм;
Балдар арасында: 50, 55, 60, 66, 73,81, 90, +90 килограмм.