Жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону, орусиялык белгилүү балбан Разамбек Жамалов Өзбекстандын жарандыгын алды. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Ал 74 килограмм салмакта күрөшөт. Эми Өзбекстандын атынан мелдештерге катыша баштайт.
74 килограмм салмакта Азия өлкөлөрдүн ичинде Японияда гана олимпиадалык лицензия бар. Калгандары Бишкекте өтө турган лицензиялык мелдеште 2 жолдомону талашат.
Белгилей кетсек, биздин эркин күрөштө азыркы күндө Олимпиадага лицензия жок.