Ажикеев ЖЭБде диверсия болгон деген божомол бар экенин айтты

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча эки версия каралып жатканын айтты.

Камчыбек Кыдыршаевичтин тапшырмасы менен диверсия болгон деген да божомол каралып жатат. Анткени түнкү саат үчтөр чамасында катуу үндөр чыккан. Биз ошондой эле техногендик себепти да жокко чыгарбайбыз. Андыктан техникалык мүчүлүштүк да болушу мүмкүн”, - деди Ажикеев.

Белгилей кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, үч киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.

Борбордогу кырдаалды президент Садыр Жапаров өзү көзөмөлдөп жатат. Калаадагы мектеп жана бала бакчанын бардыгы 6-февралга чейин онлайн окууга өттү.

ӨКМдин маалымат жыйыны 02.02.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан