Бүгүн, 2-февралда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун чейрек финалдык оюндары башталды.
Биринчи оюнда коңшу Тажикстан менен Иордания курамасы кез келип, Иордания 1:0 эсебинде жеңишке жетти. Беттештеги жалгыз гол экинчи бөлүктө жаралды. Анда бурчтан көтөрүлгөн топ тажикстандык коргоочу Вахдат Ханоновго тийип, дарбазага кирип кетти.
Жыйынтыгында Иордания курамасы 1:0 эсебинде жеңишке жетип, тарыхында биринчи жолу Азия Кубогунун жарым финалына чыкты.
Ал эми бул оюндан кийин Тажикстан үйүнө кайтат.