Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Испаниядагы эл аралык мелдеште алтын байге багындырды

Бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Испаниядагы Boxam эл аралык мелдешинде алтын байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Мунарбек Сейитбек уулу 60 килограммга чейинки салмакта жалпы төрт беттеш өткөргөн. Алгач 1/8 финалдык беттеште швейцариянын спортчусун утса, чейрек финалда индиялык, жарым финалда шотландиялык спортчуну жеңген.

Ал эми алтын медаль үчүн беттеште Мали өлкөсүнөн келген мушкерди утуп чемпион болду.

Мелдеш 29-январда Ла-Нусия шаарында башталган, 4-февралда жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, буга чейин мушкер Сагын Сатыбалды уулу аталган мелдеште коло байгени багындырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан