Мушкер Өмүрбек Бекжигит уулу Испаниядагы эл аралык мелдеште күмүш медалга ээ болду

Бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Өмүрбек Бекжигит уулу Испаниядагы Boxam эл аралык мелдешинде күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Өмүрбек Бекжигит уулу 86 килограммга чейинки салмакта катышып, жалпы үч беттеш өткөргөн.

Алгач 1/4 финалдык беттеште польшалык мушкерди жеңип, жарым финалдык беттеште индиялык спортчуну уткан.

Ал эми алтын медаль үчүн беттеште англиялык мушкерге жеңилип калып, 2-орунду камсыздады.

Мелдеш 29-январда Ла-Нусия шаарында башталган, 4-февралда жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган мелдеште кыргызстандык мушкерлер Мунарбек Сейитбек уулу алтын байге багындырса, Сагын Сатыбалды уулу коло медалга ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан