Бокс боюнча улуттук курама команда "Странджа Кубогу-2024" аталышындагы эл аралык турнирге катышат.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, мелдеш Болгариянын София шаарында 4-12-февраль күндөрү өтөт.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.