Борбор калаада кармашып урушуу боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

Бишкекте кармашып урушуу боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Белгиленгендей, биринчилик 17-18-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

  • кыз-келиндер арасында — 48, 53, 58, 64, 70, +70 килограмм;
  • эркектер арасында — 57, 62, 67. 73, 80. 88, 97, +97 килограмм.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан