"Таза иппон!". Эрлан Шеров Париждеги эл аралык мелдеште коло байге утту (видео)
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Парижде өткөн "Гранд-Слэм Париж" эл аралык мелдешинде коло медалга ээ болду.
Дзюдочу беттешти 1/16 финалдан баштап, беларустук балбанды жеңген. Андан соң 1/8 финалда монголиялык спортчуну жеңсе, чейрек финалда азербайжандык дзюдочуга жеңилип, көңүл жубатуучу беттешке чыккан. Анда ал бельгиялык балбанды утуп, коло байге үчүн болгон күч сынашта бразилиялык балбанды жеңген.
Турнир Францияда 2-4-февраль күндөрү өтүп, Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта катышты.