Өлкөнүн футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Душанбеде өтүп жаткан борбор азиялык CAFА турнирин жеңиш менен баштады. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Маалымдалгандай, команда алгач Түркмөнстан менен бет келишип, атаандаштарын 3:1 эсебинде жеңген. Бүгүн тажик командасы менен экинчи оюн болот.