UFC мушкери Рафаэль Физиев орусиялык мушкер Арман Царукян менен бразилиялык Чарльз Оливейра беттешинде ким фаворит экенин айтты.
13-апрелде Лас-Вегаста "UFC 300" турниринде Царукян менен Оливейранын жеңил салмактагы беттеши өтөт.
"Арман жогору жактан позицияны ээлегенде абдан жакшы. Биз анын атактуу грэпплер Дейви Рамос менен болгон беттешин көрдүк, Арман коркпой, кырдаалды колго алып, көзөмөлдөп турду. Оливейра дагы мыкты мушкер, самбо мушташы менен беттешкенди жакшы көрөт. Бирок менимче, Арман фаворит", - деген Физиев The All Star гезитине берген маегинде.
Арман Царукян ММА боюнча 24 беттеш өткөрүп, 21 жеңишке жетишкен. Чарльз Оливейра 43 беттеште 34 жеңишке жетишкен.