Кыргызстан шахмат боюнча эл аралык турнирде алтын жана коло медалга ээ болду

Элдияр Орозбаев менен Асылбек Абдыжапар "15-й Мемориалы М.Никитина" аталышындагы шахмат боюнча эл аралык турнирде алтын жана коло алып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, турнир 27-февралдан 4-февралга чейин Павлодар шаарында (Казакстан) шахмат боюнча СССРдин биринчи спорт чебери Юрий Михайлович Никитиндин жаркын элесине арналган.

Ага ылайык, турнирдин “А” бөлүгүнө Орусия, Казакстан, Кыргызстандын эл аралык чеберлери жана FIDEнин желеги астында ат салышкан оюнчулар катышты.

"Кыргызстандын атынан эркектер арасында республиканын чемпиондору - эл аралык мастер Абдыжапар Асылбек жана FIDE мастери Орозбаев Элдияр катышты", - деп айтылат маалыматта.

11 турдун жыйынтыгы менен Орозбаев Элдияр 1-орунду ээлесе, Абдыжапар Асылбек турнирде коло байге алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан