Футзал боюнча Кыргызстандын кыздар улуттук командасы Тажикстанды жеңди 

Бүгүн, 5-февралда Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) Борбор Азия футбол ассоциациясынын чемпионаты - CAFA Women’s Futsal Championship 2024 чемпионатынын экинчи айлампасы болуп, анын алкагында Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Тажикстан менен беттешти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Ага ылайык, беттеш 4:2 эсебинде Кыргызстандын курама командасы турнирдин кожоюндарын ишенимдүү жеңиши менен аяктады.

"Голдорду Ырысбек кызы Кенжебүбү (6' 10'), Мурзакулова Нурсулуу (8'), Рысбекова Медина (16'). Эскерте кетсек, жобого ылайык, турнир айлампа системасы менен бир айлампада өткөрүлөт. Чемпион эң көп топтогон упай менен аныкталат.

Ал эми экинчи турдан кийин Келкел Анарбековдун шакирттери 6 упай менен турнирдик таблицада келе жатат.

Белгилей кетсек, курама команда кезектеги беттешин 7-февралда Ирандын курама командасы менен өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан