"Барселонанын" атактуу коргоочусу эсиңиздеби? Анын соттогу сүрөтү жарыяланды

Каталондук "Барселонанын" жана Бразилия курамасынын мурдагы футболчусу Дани Алвес зордуктоо боюнча айыпталып, сотко жеткирилди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, прокуратура айыпталуучуну тогуз жылга эркинен ажыратууну жана 150 миң евро өлчөмүндө компенсация төлөп берүүнү талап кылууда. Ал эми абактан кийин футболчу дагы 10 жылга шарттуу түрдө кесилиши мүмкүн.

Жабыркаган кыз ойлонуудан улам бир топ арыктап, чөйрөсү чектелип калганы да айтылат. Азыр аны менен психологдор иштеп жатышат.

Алвестин жактоочусу жыныстык катнаш болгон, бирок бул макулдашылган деп ырастоодо. Бирок бразилиялык футболчу буга чейин өзүнүн версиясын бир нече жолу өзгөрткөн, бул шектенүүнү жаратууда.

Футболчунун тагдыры боюнча акыркы чечим 7-февралда чыгары күтүлүүдө.

Эске салсак, январда Дани Алвес Барселонадагы "Саттон" түнкү клубунда 23 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан