Ереванда өткөн бокс боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткан Амантур Жумаевге Каракол шаарынан батир берилди.
Каракол шаарында кечээ, 5-февралда спорт тармагындагы өткөнкү жылды жыйынтыктоочу иш-чара өттү. Анда Амантур Жумаев менен Кымбат Тойтоновага батир берилди.
Каракол шаарынын мэриясынын сунушу Каракол шаардык депутаттар кеңешинин чечими менен 2023-жылдын мыкты спортчуларын колдоо иретинде 13 миллион 400 миң сом сыйлык катары 100дөн ашык спортчуга берилди.
Алардын арасында Дүйнө чемпиону- Жумаев Амантур жалпы 2 миллион 500 миң сом алса, Тойтонова Кымбат 1 миллон 500 миң сом, машыктыруучулардан Сабатаров Бейшен Абакирович 1 миллион сом сыйлык алды.