Бүгүн, 6-февралда Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунун биринчи жарым финалдык беттеши өттү.
Анда Иордания курамасы Түштүк Корея менен кез келип, 2:0 эсебинде жеңип алды.
Иорданиялыктар экинчи бөлүктө активдүү оюнду күчөтүп, 2 голду киргизгенге жетишти. Түштүк Корея курамасы канчалык аракет кылбасын эсеп санын өзгөртө алган жок.
Муну менен Иордания тарыхында алгачкы ирет Азия Кубогунун финалына чыкты. Финалда иорданиялыктар Катар-Иран жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.