Бүгүн, 7-февралда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун экинчи жарым финалдык оюну өтөт.
Бүгүнкү оюнда Иран курамасы менен Катар кез келет.
Азия Кубогу, 1/4 финал: Катар - Иран;
"Аль-Тумама" стадиону, Доха шаары (Катар);
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.
Кечээ, 6-февралда жарым финалда Иордания Түштүк Кореяны 2:0 эсебинде жеңип, Азия Кубогунун финалына чыккан.