Орусиянын дагы эки белгилүү балбаны жарандыгын алмаштырды

Эркин күрөш боюнча 2023-жылы Орусиянын чемпиону болгон Чермен Валиев спорттук жарандыгын албаниялык паспортко алмаштырды. Мындай маалымат 12-февралдан 18-февралга чейин Бухарестте өтө турган Европа чемпионатынын алдындагы Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) протоколдорунан белгилүү болду.

25 жаштагы Валиев өспүрүмдөр арасында Европа жана жаштар арасында Дүйнө чемпиону. Ал 74 килограмм салмакта күрөшөт.

74 килограмм салмакта Орусиянын атынан ири мелдештерге атактуу балбан Заурбек Сидаков катышып келет. Демек, Валиев алдыдагы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн жарандыгын алмаштырган деп түшүнсөк болот.

Эске салсак, буга чейин дагы бир орусиялык эркин күрөшчү Шамил Шарипов спорттук жарандыгын алмаштырган. UWW сайтында ал Бахрейндин желеги менен жайгашты.

Ошондой эле 74 килограмм салмакта Разамбек Жамалов Өзбекстандын жарандыгын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-02-07 15:27:00
биздин жарандыкты сураса бербегиле, андан көрө өзүбүздүн балбандарды колдоп туралы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан