Бүгүн, 7-февралда Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунун экинчи жарым финалдык беттеши өттү.
Анда Катар курамасы Иран менен кез келип, укмуштуудай беттеште 3:2 эсебинде жеңип алды.
Муну менен Катар курамасы катары менен экинчи жолу Азия Кубогунун финалына чыкты. Финалда Катар Иордания курамасы менен кез келет.
Белгилей кетсек, Катар учурдагы Азия чемпиону.