Республикада сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталганын ӨКМ билдирди.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган.
"Бишкек шаарында 2, Нарын облусунда 2, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт катталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Кошумчалангандай, куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.