Өлкө оор атлетчилери Азия биринчилигинде 3 коло байге алышты

Өлкөнүн оор атлетчилери Азия чемпиондугунда 3 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалым болгондой, өлкөнүн оор атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде коло медалга ээ болушкан.

Эмиль Молдодосов 89 килограммга чейинки салмакта катышып, түртүп көтөрүүдө 162 килограммды, жулкуп көтөрүүдө 190 килограммды көтөргөн.

Нурсултан Тармалов болсо 96 килограмм салмак ченинде катышып, түртүп көтөрүүдө 149 килограмм, жулкуп көтөрүүдө 198 килограмм көтөргөн.

Ал эми Татьяна Мельниченко 76 килограмм салмакта күч сынашып, түртүп көтөрүүдө 97 килограммды түртсө, жулкуп көтөрүүдө 122 килограмм көтөргөн.

Өзбекстанда 3-февралда башталган Азия чемпиондугу эртең, 10-февралда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан