Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун чейрек финалындагы Өзбекстан-Катар беттешинде пенальтини тебе албай калган өзбекстандык футболчу Зафармурад Абдирахматовду кемсинткен баяндамачы Отабек Жураев кечирим сурады. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.
Ал беттештен бир нече күн өткөндөн кийин коомчулуктан, анан футболчунун өзүнө байланышып, кечирим сураган. Ал эмоцияга алдырып жибергендиктен туура эмес сүйлөгөнүн моюнуна алып, футболчу экөө бул темага чекит койгон жана эч кандай маселе жок экенин белгилеген.
Эскерте кетсек, Азия Кубогунун жарым финалына чыгуу үчүн Өзбекстан менен Катар курама командаларынын беттеши негизги убакытта дагы, кошумча берилген убакытта дагы 1:1 эсебинде тең чыгуу катталган. Пенальтилер сериясында өзбекстандык команда Катар курамасына 3:2 эсебинде утулуп калган. Пенальтини ийгиликсиз аткарган оюнчулардын бири Зафармурад Абдирахматов болду. Ал пенальтини аткара албай калганда баяндамачы "Сен эмне келесоосуңбу? Кечиресиздер. Эмне кылып жатасың, кечиресиздер. Чуркап келбестен", - деп жинденген.