Бекдөөлөт Расулбеков Азия чемпиондугунда күмүш медаль жеңди  

Оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтүп жаткан Азия чемпиондугунда күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 102 килограммга чейинки салмакта катышты. Түртүп көтөрүүдө 173 килограмм, жулкуп көтөрүүдө 213 килограмм багындырды. Жалпы 386 килограмм салмакты көтөрдү.

Эскерте кетсек, буга чейин Эмиль Молдодосов (89 килограмм) , Нурсултан Тармалов (96 килограмм) жана Татьяна Мельниченко (76 килограмм) коло байгеге ээ болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан