Дагы бир атактуу балбан Орусиядан баш тартып, жарандыгын алмаштырды

Эркин күрөш боюнча Европа чемпиону болгон орусиялык Азамат Тускаев спорттук жарандыгын алмаштырды. Бул тууралуу Орусиянын күрөш федерациясы кабарлады.

"Тускаев спорттук жарандыгын өзгөрттү жана Сербиянын атынан мелдештерге катышат", - деп айтылат билдирүүдө.

30 жаштагы Тускаев 2020-жылы Европа чемпиону болгон. Ал ошондой эле 2016-жылы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль уткан. Ал ошондой эле Орусия чемпиондлугунда бир нече ирет байгелүү орундарга ээ болгон.

Эске салсак, буга чейин дагы бир орусиялык эркин күрөшчү Шамил Шарипов спорттук жарандыгын алмаштырган. UWW сайтында ал Бахрейндин желеги менен жайгашты.

Ошондой эле 74 килограмм салмакта Разамбек Жамалов Өзбекстандын жарандыгын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан