Бүгүн, 10-февралда Катардагы "Лусаил" стадионунда футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык оюну болуп өттү.
Финалда Катар менен Иордания курамасы кез келип, Катар 3:1 эсебинде жеңишке жетти. Катар курамасынан 3 голду тең чабуулчу Акрам Афиф киргизди. Эң кызыгы ал үчөөнү тең пенальтиден киргизди.
Муну менен Катар экинчи ирет катары менен Азия чемпиону болду. Бул үчүн курама команда алтын медаль жана 5 миллион доллар алат.
Ал эми Иордания күмүш байге жана 3 миллион доллар утту.
Буга чейин 2019-жылы да Катар курамасы Азия чемпиону болгон.