"Жүргөн жери күлкү эле". Куудул Дөөлөт Мадымаев көзү тирүү болгондо 63 жашка чыкмак

Куудул Дөөлөт Мадымаев көзү тирүү болгондо бүгүн, 11-февралда 63 жашка чыкмак. Ал 2011-жылы 8-октябрда оорудан улам көз жумган.

Дөөлөт Мадымаев 1961-жылы 11-февралда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Булаш кыштагында жарык дүйнөгө келген. Апасынан 16 жашында ажырап, үйдүн улуусу болгондуктан, турмуштун далай ысык-суугун башынан өткөрөт. Мектепте тентек, шок, тамашакөй окуучу болгон дешет. Кесиптик орто окууну бүтүрүп, тракторист-механик күбөлүгүн алган. 23 жашында Алайдын Кабылан-Көл айылынын кызы Савлет менен баш кошот. Талант, Гүлназ, Кабыл, Канат аттуу уул-кызды чоңойтуп-өстүргөн.

Куудул Манас Бердибеков Кара-Сууда жүрүп эл арасынан Дөөлөт Мадымаевдин талантын байкап, чоң сахнага алып келген. 1987-жылы “Чал-кемпирдин чатагы” деген номери менен Кызыл-Кыя шаарында алгачкы жолу сахнага чыккан.

Дөөлөт Мадымаевдин жакындарынын, замандаштарынын "Супер-Инфо" гезитине берген маектерин окурмандарга сунуштайбыз.

Жамбыл Камчиев, куудул:
Бир жылы Ноокатта гастролдоп жүрөбүз. Керээли кечке гастролдоп, кечинде биздин үйгө келип конобуз. Бир күнү үйдө чай ичип отурсак, сырттан “ай, тоогуңарды камабайсыңарбы, огородумду чачып жатат” деген кемпирдин үнү чыкты. “Ий, чоң энем келип калган турбайбы” деп шашып чыга калсам, чоң энем эмес эле Дөөлөт турат. Кыскасы, кемпирдин образын келиштире аткарчу. Өзү шайыр жүргөнү менен, таарынчаак жайы бар болчу, болор-болбоско таарынып, сүйлөбөй калмай адаты эле. Маанайы жакшы убакта башынан өткөн окуяларды айтып берсе, ыкшып калчубуз.
Сахналаш агасы куудул Келдибек Ниязов:
Жүргөн жери күлкү да. Бир жолу кайнатасы менен мушташканын айтып боорумду эзгени эсимде. “Бир күнү аялымды чаап жибердим, ыйлаган боюнча төркүнүнө кетти. Үйдө отурсам эле кайнатам велосипед минип жетип келди. Кирип эле мени ичке тепти, мен аны ичке тептим. Жакалашып-жулкулдашып жатсак, кайненем, келинчегим келип, араң ажыратышкан. Ошондон кийин кайнатам менен сыртыбыздан күйөө бала-кайната болсок, ичибизден дос болуп калдык”,- деп айтып бергени бар.
Канат Мадымаев, уулу:
11-классты аяктаган жылы атам каза болду. Көрсө, атамдын мурунтан жүрөгү ооручу экен. Аны биз кийин билдик. Кээде жөтөлүп калчу, ошондо жүрөгү сайышып калчу экен. Каза болоруна эки ай калганда атамдын түшүнө маркум Рыспай Абдыкадыров, Манас Бердибеков кириптир. Апама «залкарлар мени чакырып жатат» деп айткан экен. Убагында ал сөзүнө маани беришкен эмес тура. Аны апам кийин айтып жатпайбы бизге. Өлөрүнө эки күн калганда атам тойго барып, сонун отуруптур. Таңга маал өзүн жаман сезип, ооруканага түшүп калат. Ооруканада тамчылатма дары куюп, «уктабагын» дешкен экен, бирок атам уктап кетиптир. Ошол боюнча ойгонбой калды. Буга биз эч кимди күнөөлөгөн жокпуз, Жараткандын буйругу экен, атабызды арабыздан алып кетти.
Атам кесибине байланыштуу узак убакытка гастролдоп кетип, апам чиедей балдары менен жалгыз калчу экен. Кээде узакка кеткенде үйдө биз карандай суу ичип калган күндөр болгон. Апам «сен бешикте жатып ыйлайсың, сени бир бутум менен терметкенче тамак жасап, нан жаап жумуштун баарын жасачумун. Атаңдан 3 ай бою кабар жок болуп кетчү» деп эскерип калат. Атам көпкө жок болуп кайра келгенде «балдарың топурак жеп жатабы, ишиң жок. Эки жүз сомду эки бетиңе чаптап алып келдиң да» деп урушчу экен. Атам болсо апамдын сөздөрүн «жаздырып алып», сатираларына колдончу тура.
Атам жүрөгүмдө жашайт, эсимден кетпейт. “Балам, колуңдан келип турса талантыңды элге тартуулаганга умтула бер, бөлүш” деп уктаар алдында айтар эле. Көрсө, олуттуу, жүрөккө сактап алчу сөздөр экен. Ошол сөздөрдү эстейм. Элге көп нерсе тартуулагым келет, куудулдар менен бөлүшөм. Кудайдан келген өнөрдү бөлүшүш керек да. Азыр сатып жатышпайбы.
Апам “сахнада эле эмес, жашоодо деле атаңдын өзүсүң, өз акыңды да бирөөдөн түзүктөп сурап ала албайсың, жүрөгүң жумшак. Ачык эле сура, ал сенин эмгегиң да” деп калат. Атам да акчага кызыкчу эмес, жөнөкөй, сабырдуу, ак жүрөк адам эле. Адамдардын баарына бирдей мамиле жасачу. Пародисттик өнөрү күчтүү болчу. Атактуумун деп өзүн көтөрчү эмес. “Сизге Эмгек сиңирген артист наамын берели деп жатабыз” деп жогору жактан өздөрү келишкен. Комиссияга атам тракторчунун документин алып барыптыр. “Ушул жерден да күлдүрөсүз, диплом жок беле?” десе, “мага наамдын кереги жок, эл бааласа болду” деп келе бериптир.
11-февралга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан