Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку соттору меморандумга кол коюшту

Казакстандын Түркстан шаарында Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков менен коңшу өлкөнүн Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиев эки өлкөнүн Жогорку сотторунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Меморандум Түркстан облустук сотунун жаңы имаратынын ачылыш аземинин алкагында болду.

Замирбек Базарбеков узак жылдар бою Казакстандын Жогорку соту менен тыгыз жана жигердүү кызматташтык уланып келе жаткандыгын белгиледи.

"Меморандумга кол коюуга болгон ниетибиз бул байланыштардын тереңдигин гана тастыктайт. Биздин өз ара аракетибиз кеңири. Бул бүтүндөй сот системаларынын кызматташуусу десем жаңылышпайм”, - деди Базарбеков.

Атап айтканда, меморандум тажрыйба жана укуктук маалымат алмашуу, судьяларды даярдоо, эки тараптуу укуктук жардамды өркүндөтүү маселелеринде кызматташууга негиз болот. Документте ошондой эле Казакстан жогорку жыйынтыктарга жетишкендиктен, сотторго IT технологияларды киргизүү жаатында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө каралган. Мисалы автоматташтырылган режимде иштердин, материалдардын жана кайрылуулардын келип түшүүсү жана кыймылы жөнүндө маалыматтарды түзүүчү кырдаалдык борборду колдонуу, электрондук Соттук кабинет (сотторго жетүүнүн бирдиктүү электрондук терезеси), санариптик соттук аналитика, соттук актылардын долбоорлорун даярдоо боюнча роботтоштуруу технологиясы.

Замирбек Базарбеков соттук башкаруу боюнча эл аралык Ассоциация менен кызматташуу алкагындагы Казакстандын тажрыйбасы кызыгууну туудурарын белгилеп, ага Кыргызстандын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин мүчө болуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады.

Өз кезегинде Асламбек Мургалиев электрондук сервистерди өнүктүрүү, судьяларды окутуу жана санариптик трансформация аспектилери боюнча эки өлкөнүн сот системаларынын мындан аркы кызматташуусуна кызыкдар экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан